Menu

Атамбаев сотко күбө катары Азиз Батукаев менен Рамзан Кадыровду чакыртты

Бөлүшүү:

21-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сот отуруму уланды. Айыпталып жаткандардын бири – А.Атамбаев.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев күбө катары А.Батукаевди, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду жана Мамдуманын депутаты Адам Делимхановду чакыруу өтүнүчүн келтирди.

“Шамиль Атахановдун көрсөтмөсүнө ылайык, А.Атамбаев Р.Кадыров менен сүйлөшкөн. Андан кийин Атаханов Делимханов менен кызматташуу жөнүндө сүйлөшкөнүн айткан”, – дейт жактоочу.

Бирок сот өтүнүчтү четке кагып, бир гана Турсунбек Акунду жана Кыргызстандагы күбөлөрдү чакырмай болду. Ошентип сотко ИИМдеги тергөөчүлөр Эркебек Аширходжаев менен Азамат Жумабаев чакырылат.

Ошол эле учурда сот бул күбөлөр боюнча өтүнүч келтирүүнүн зарылчыгы жок экенин айткан. Буга каршы болгон жактоочу С.Слесарев кийинки сот отурумунда сотко ишеним көрсөтпөй тургандыгы боюнча билдирүү кыларын билдирди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: