Menu

“Франс пресстин” журналисти УКМКга чакырылды

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы “Франс пресс” маалымат агенттигинин кабарчысы Толкун Наматбаеваны 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иштин алкагында УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу 27-ноябрда Толкун айым өзү кабарлады.

Анын атймында, атайын кызматтын кызматкерлери жөн гана сүйлөшүүгө чакырышкан, эч кандай билдирме жөнөтүшкөн эмес.

“Алар мага бир нече күн мурда чалып, жөн эле маектешүүгө чакырышкан. Бүгүн да чалышыптыр, мен: “жактоочум бош болсо, барам” дедим. Алардын айтуусу боюнча менин телефон номурум, Кой-Ташка окуясына байланыштуу кишилердин телефон тизмесинде бар экен. Мен ал күндөрү Кой-Таштагы штабга, КСДПнын мүчөлөрүнө журналист катары чалгам”, – дейт Толкун Наматбаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: