Menu

Уруулукка, шылуундукка жана тоноочулукка шектелгендер кармалды

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 23-декабрда Бишкек ШИИБиси билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Октябрь райондук ИИБисине шаар тургуну Ч.З. кайрылып, 3-кичирайондон анын  «Мазда 326» автоунаасынан 7 миң сомдук магнитофон, 5 миң сому бар капчыгы уурдалганы боюнча арыз жазган.

16-декабрда ошол эле бөлүмгө С.Н. аттуу жаран кайрылып, Асанбай кичирайонунан «Хонда Инспайр» автоунаасынан 15 миң 500 сом уурдалганы боюнча кайрылган.

17-декабрда К.К. аттуу жаран кайрылып, Жибек Жолу көчөсүнөн автоунаасынан Redmi аталыштагы телефону уурдалганын билдирген.

20-декабрда Биринчи май райондук милицияга Г.М. аттуу жаран кайрылып, Ош базарынын жанынан 11 миң сомдук «Samsung» телефону жоголгону боюнча кайрылган. Ошол эле 20-декабрь күнү Э.Э. аттуу жаран милицияга кайрылып, 21 миң сомдук «Mi-8» телефонун уурдатканы боюнча кайрылган.

Андан кийин жарандардан 50 миң сомдук алтын уурдатканы, 10 миң 800 сомдук телефон, 150 миң сом турган товар уурдалганы боюнча арыздар түшкөн. Бул кылмыштардын бардыгы бирдиктүү реестрге киргизилген. Бишкектик бардык райондору боюнча милиция кызматкерлери бирдиктүү иш алып барып, жалаң уурулук, тоноочулук, шылуундук менен шугулданган топту кармап олтурушат. Кимде-ким буларды таанып, кылган кылмыштары боюнча арыз жазышса, тиешелүү чара көрүлөрүн милиция кызматкерлери айтышууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: