Талас шаарынын санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Ж.А. Аскарбековдун берген маалыматы боюнча 2017-жылдын 17-октябры күнү Талас шаарындагы Кыргыз-Түрк “Сапат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Ууланган 11 окуучу Талас облустук биргелештирилген ооруканасына стационардык дарыланууга кайрылган, анын ичинен 6 окуучу медициналык жардам алган соң, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 4 окуучу 18-октябрь күнү чыгарылган. Калган жеңил ууланган 25 окуучунун ден соолугунун абалы, Талас облустук биргелештирилген ооруканасынын кызматкерлери жана лицейдин мугалимдеринин байкоосунда.
Азыркы учурда окуучулардын уулангандыгынын себебин тактоо үчүн Талас шаарынын санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясында изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ