Menu

Кыргыз-казак чек арасындагы жагдайга ЕАЭБдин президенттери аралашабы?

Бөлүшүү:

Биздеги президенттик шайлоодо дагы бир ызы-чуу чыгып кетип, анын учкуну өздөрүнө да өтүп кетет деп чочулаштыбы же эки өлкөнүн президенттеринин кайым айтышуусунун кесепетиби, айтор 10-октябрда эле баурдастар адатынча чек арасын жаппаса да жарандар менен автомашиналардын өтүүсүн жайлатып койгон болчу. ЕАЭБдин да, бир туугандыктын да нормалары менен эрежелерине ылайык келбеген бир жактуу чечимден казак тарап кандай пайда же зыян тарткандыгын билбейбиз, бирок кыргыз тарап моралдык да, материалдык да чоң жоготууларга учурап жатат. Айрыкча дыйкандар менен фермерлердин эт, сүт, жүзүм, шабдаалы, алма сыяктуу тез бузулуучу азыктары ирип, чирип, жазы менен кылган мээнети күйүп кетүүдө. Баарынан да “Ак-Тилек” бекетинде 70 жаштагы аялдын кан басымы жогорулап каза болуп калышы эки өлкөнүн тең “жакшыларына” абийир алып келген жок. Тилекке каршы шайлоодон кийин да кошуналар менен чек ара көйгөйү чечилбегендиги таң каларлык. 17-октябрга карата маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” көзөмөл өткөрмө бекетинде 150нүн тегерегинде адам Казакстанга кирүүгө кезек күтүп турат. Ал эми А.Атамбаев шайлоодон кийин да чек ара көйгөйү чечилбесе, ЕАЭБдин чукул жыйынын чакырууну билдирген. Сыягы, жагдайга бул уюмдун президенттери аралашат окшойт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: