“Урматтуу шаардыктар, дарыгердин консультациясы жок, имиштерге, социалдык тармактагы ар кандай маалыматтарга ишенип, өзүңөрдү өзүңөр дарылабагыла” – деп билдирди бүгүн, 5-июлда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өкмөттүк онлайн брифингде.
“Сөзсүз дарыгерлерден консультация алып, ошонун негизинде дарыланууңуздарды суранабыз. Эгер, үйдөн өз алдынча дарылансаңыздар өмүрүңүздөргө коркунуч жаралышы мүмкүн. Бул оор күндөр да өтөт. Илдетти чогуу жеңебиз. Биз силерди таштабайбыз. Биз болгон күчүбүздү оору менен күрөшүү үчүн, сиздердин жашооңуздарды жеңилдетүү үчүн жумшап жатабыз” – деп Балбак Түлөбаев жарандарга кайрылды.
“Дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттатып жаткандарга дагы бир жолу кайрылып кетем. Биз баарын көрүп жатабыз. Бул күндөр да өтөт. Ошондо силер менен сүйлөшөбүз. Элдин көз жашынан акча жасаганды токтоткула! Ар кандай имиштерди чыгарып, дары-дармек сатканды токтоткула! Андан көрө элдин жанында болуп, аларды колдогула. Убагы келгенде эл силерге ыраазычылыгын айтат” – деп белгиледи Балбак Түлөбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ