“Көптөгөн мекендештерибизге колунан келген жардамын, колдоосун көрсөтүп келе жаткан Камчыбек Ташиев агабыз өзү да сыркоолоп калды. Ден-соолук, жакшылык тилеп дуба кылып туруңуз замандашым”, – деп билдирген эле 1-июль күнү саясатчы Камчыбек Ташиевге карашту “Регион” телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасына пост жазып.
“Камчыбек Ташиев агабыздын ден-соолугунун абалынан кыжаалат болуп, тынымсыз сурап жаткан урматтуу мекендештер, агабыздын уулу Тай-Мурас Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин абалы оор экенин айтты. Кудай шыпаа берсин”, – деп билдирди бүгүн, 4-июлда Өткүрбек Рахманов.
Маалыматтарга ылайык, саясатчы Камчыбек Ташиевдин өпкөсү эки тараптуу пневмониянын оор түрүнө чалдыккан. Азырга чейин абалы оор бойдон калууда.
Бирок бүгүн, 4-июлда КР БШК Камчыбек Ташиев жетектеген “Мекенчил” саясый партиясы күзгү парламенттик шайлоого катышарын расмий билдиргенин жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ