Menu

Назира Айтбекова 22 жылдан бери көрө элек атасына бүгүн жолугуп, сүрөтүн жарыялады

Бөлүшүү:

Шоу-бизнестин белгилүү өкүлү Назира Айтбекова бүгүн, 3-июлда 22 жылдан бери көрө элек атасын издеп, таап барып жолукканын сүрөтү менен кошо жарыялады.

Бул менин атам.
22 жыл көрбөгөн атамды издеп бардым. Күйөрмандарым “Атаңыз балама сабак берет” деп жазып турушчу. Алардан даректи алдым дагы жөнөдүм. Жанымда эки дос балам бар. Алар “Көзү тирүүсүндө көрүп, сүйлөшүп кал! Өзүңө эле жакшы болот. Жүрөгүң ылдыйлайт” деп шыкактап жатышты. Бир эсе титиреп, бир эсе кооптонуп, бир эсе толкунданып бараттым.
“Атаң жаман” сөзүн көп укканым менен ал мен үчүн болуп көрбөгөндөй мыкты болчу! Сыртымдан билгизбегеним мн ичимде сагынып, куса болуп жүрдүм.
Балачагымда бул күнүмдү аябай күтчүмүн. Маңдайына чыгып алып, таарынып, жектеп, урушуп атканымды элестеттим далай.
Ал менин келеримди билген эмес. Күйөрманым мн чалыштым да, башка шылтоо менен чакырып чыкты эшикке. Мени күтпөгөн жаны өңү бузулуп, титиреп чыкты атам. Жайдары учураштым.
Маңдайында таң калып, тиктеп турдум. Анын үнү, өңү, кыялы баары ачылыш болду мен үчүн. 22 жылда унутканга үлгүрүптүрмүн. Бизден кетип атканда жаш болчу! Ак аралап, тиши түшүп, өңү азып, такыр башка адам турду.
Ичимде кыпындай да таарыныч жок, урушкум да келген жок. Жыргап турдум. Каткырдык.

-Кызым, балмуздак алып берейин? – деди.

А мен ага кийим алып бердим. Ошентип коштоштук. Ичим кадимкидей бошоп, 22 жыл кармап жүргөн таарынычым кеткендей, жыргап бараттым…
Ата – энени же баланы тандоого мүмкүн эмес экен. Тагдырдагы такыр өзгөртө албаган учурларың ушул. Катасы, жазыгы бар. Алар да пенде. Кечирбей кайда барабыз? Кечирдим. Ата – энем мени кечирсин. Балким, билип – билбей көңүлдөрүн ооруткан чыгармын..

Назира Айтбекова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: