Коронавирустук пандемиядан улам чек аралар жабылгандан бери Россиядан кайтып келген кыргызстандыктардын саны белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчиликтин сайтында жарыяланды.
Маалыматтарга ылайык, 20-марттан 21-июнга чейин Россиядан Кыргызстанга 10 904 кыргыз жараны кайтарылган. Россиядан Кыргызстанга 51 каттам аткарылып, Казакстан аркылуу транзиттик 20 автобустар менен мекендештерибиздин кайтаруу иштери уюштурулган.
Ошондой эле, тизмеге кирүү өтүнүчү менен мекенине кайтып келүү жөнүндө жарандардын кайрылууларынын саны 7 миңден ашкандыгы маалымдалды.
“Көптөгөн жарандардын тез арада кайтып келүүсүн камсыз кылуу физикалык жактан мүмкүн эмес. Москва-Ош жана Москва-Бишкек каттамдары боюнча эки жумалык учуулар пландаштырылууда” – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жакынкы аралыкта Санкт-Петербургдан чартердик каттам уюштуруу маселеси каралып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ