Menu

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев “Ата-Мекенчи” депутат Сайдулла Нышановду жоопко тартууну сурап, Генпрокуратурага арыз жазды

Бөлүшүү:

Атайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Андыктан, коомчулуктун жана өзүмдүн атымдан “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун башка депутаттар үчүн да дайыма добуш берип келе жаткандыгы үчүн КРнын Прокуратурасына расмий Арыз таштоону туура көрдүм. Кандай дейсиздер, эл өз укугу үчүн күрөшпөсө болбой калды. Булар биздин үстүбздөн билгенин жасай берет экен.

КРнын Башкы Прокурору Ө.А. Жамшитовго
Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!
Мыйзам чыгаруу бийлигинде олтурган кээ бир депутаттар өздөрү мамлекеттик кызыкчылыкка кайчы келген мыйзамсыз жоруктары менен коомчулуктун нааразылыгын жаратышууда. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов өзүнүн видеомаегинде бир жолу эле эмес, ар дайым катарлаш олтурган депутаттар үчүн добуш берип келгенин мактаныч катары айтып жатканы боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иштерин баштоого толук негиз болуп бере турган инцидент экенин сиз да жокко чыгара албайсыз. Демек, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алган жогорку мамлекеттик органдын башында турган кызмат адамы катары бул ишти өндурүшкө алууңузду өтүнөм.

Кыргыз коомчулугунун атынан, “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы

Кадыр Кошалиев,

Бишкек ш. 20.06.20

https://www.facebook.com/kadyr.bata/posts/2923286601131113

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: