Кыргызстан мөңгүлөрдүн, оргуштаган тoo сууларынын мекени аталганы менен айрым айыл, шаарларда таза суу маселеси курч турат. Жакында өлкө башчысынын Брюсселге болгон сапарында Евро биримдиктен Жалал-Абад облусуна он миллион евро бөлүнөрү айтылды. Ошол каражат келгенде кайсыл айылдын тургундары таза сууга муктаж экендигин жакшылап иликтеп чыгуу кажет. Кол ийрисине тартып кетүүдөн сактанышыбыз мезгил талабы. Эмнеси болсо да мындай көңүл жибиткен кабарды элге жеткирип коюну туура көрдүк. Буйруса көздөн учкан таза суу маселесинин чечилишине аз калды. Жакшылыктан күдөр үзбөй жашоого ар бирибиз умтулалы.
Булак: “Ачык сөз“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ