Menu

Алмаз Атамбаевди ким “Чүйлүк эмес, Баткендик” деп ишендиргиси келет?

Бөлүшүү:

Өткөн жумада коомдук-саясый темада жазган кыргыз гезиттеринин бири чоң тираж менен – 10 миң нускада чыкты. Ал сандын эң талаштуу жана окумдуу материалы болуп албетте санжырачы Анарбек Усупбаев берген Алмаз Атамбаев тууралу интервью болду. Анда журналист менен санжырачы Анарбек Усупбаев Алмаз Атамбаевдин түбү Баткендик экенин, уруусу кытай экенин атайын токтоп баса белгилешкен.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча бул Атамбаевди Чүйдөн алыстатып, Баткенге жабыштырган буйрутма макаланы  атайын жаздырган саясатчы “Эмки президент Чүйдөн болуш керек, Атамбаев чүйлүк эмес болуп калды, ал Баткендик экен. Таза чүйлүк да бир жолу президент болсун” деп тымызын саясат жүргүзгөндөр болуп чыкты.

Эсиңиздерде болсо 2011-жылы президенттик шайлоонун алдында “Биз Бакиевди Чүйдөн кууп кетирдик, эмики президент биздин кулунубуз Алмаз Атамбаев болуш керек” деп чыгышкандар 6 жылдан кийин Атамбаевди Чүйлүк эмес Баткендик деп гезитке жаздырып жатышканы уят. Атамбаев Чүйгө 6 жылда атан төөдөй кызмат кылды. Кулундарынын алдын премьер-министр, артын министр, мэр кызматтарына койду. Эми кызматтан кетээринде Баткендик кыла коюшканы неси?

Анын үстүнө “Атамбаевдин түбү Баткендик” дедиртип кимге айттырып жатышат? Кара-Бууралык Анарбек Усупбаевге айттырып жатышат. Ал эми бүгүн президенттикке негизги реалдуу талапкерлердин бири Кара-Буурадан Өмүрбек Бабанов болуп жатат. Бул сигнал албетте Бабановдун атаандаштыгынан чочулаган күчтөрдөн чыгууда. Ал эми Анарбек Усупбаевден жакындары “сиз эмнеге Атамбаевди “Баткендик” деп жатасыз?” деп сурашса. “Бир тааныштар ошентип айтып коюңузчу деп суранышканынан көңүлүн кыя албай эле айтып койдум” деп жооп берип жатат.

Билермандар кабарлагандай, ал гезиттин 10 миң тиражына акча төлөп Темир Сариевдин кишилери таратуу үчүн алып кетишиптир.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: