Menu

Гүлжигит Исаков, жарандык активист: “Депутат Марлен Маматалиев туура эмес саясатка көз жумуп, арзан популизм менен алектенип жатат”

Бөлүшүү:

Бийликке жаштар келиш керек деп кыйкырып жүргөн жаш активисттердин бири Гүлжигит Исаков жаш депутат Марлен Маматалиевдин Москвалык орус блогердин жардамы менен элге таанылган, пицца ташыгыч эмгек мигранты “Бекзат Жолдубай уулун Германияга сынаксыз жана акысыз Германияга окууга жөнөтөм” деп жарыялаган демилгесин сынга алып, аны катардагы популизм деп баа берди:

“Ким (эмне) канчалык көп жолу ЖМКга кабар болуп чыкса, ошол көңүл бурулган кишиге (нерсеге) бөлүнгөн көңүлдөн өзүнө дагы үлүш алып калуу, ортоктош болуп калуу аракети популизм деп аталат.

Мындай нерсенин популизм деп аталбашы үчүн билим берүү системиндеги катачылыктарды айтып, туура эмес жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы чыгып, көптөгөн жаштардын билим алып калуусуна шарт түзүп берүү үчүн күрөшүү, мыйзам долбоорлорун сунуштоо жана кабыл алдыруу, конструктивдүү сунуштарды берүү ж.б.у.с. аракеттер болуп келсе, анда ошол көп аракеттин бир бөлүгү деп эсептесек болот.

Жүргүзүлүп жаткан туура эмес билим берүү саясатына көз жумуп, анан анча-мынча популярдуу боло калган нерселерге гана көңүл буруу эки жүздүүлүккө дагы кирет.

Өлкөнүн деңгээли арифметикалык орточо көрсөткүчтөр жогорулаганда гана көтөрүлөт. Бирин-серин фрагменттик жагдайлар менен көтөрүлбөйт”, – дейт Гүлжигит Исаков.

Гүлжигит Исаков

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 3-январда депутат Марлен Маматалиев төмөнкүдөй пост жарыялаган:

“Инибизди бекер окууга жөнөтүүдөбүз.

Миллиондогон мигранттарыбыздын бири. Албетте жаштардын баары билим алса деген ойдомун. Бүгүн Бекзат Жолдубай уулунун үнү Кудайга жетиптир. Алланын буйругу менен Nursultan Kubanov экөөбүз кеңешип Бекзат инибизди өзү кыялдангандай чет өлкөгө окууга конкурссуз жөнөтүүнү чечтик.
Бекзаттын ата-энесине ушундай баланы тарбиялап өстүргөнүнө терең ыраазычылык билдирем! Бул албетте көптөгөн мигранттарыбыздын биринин окуясы, колдон келишинче баарына жардам берсек болот эле, бирок азыркы кыйын кырдаалга байланыштуу биздин жарандарыбыз чет өлкөлөрдө иштөөгө мажбур болууда. Бул убактылуу көрүнүш демекчимин, анткени келечекте Бекзатка окшогон жаштарыбыз чет өлкөлөрдөн билим алып келип Кыргызстаныбызды өнүктүрөөрүнө ишенем.
Келечекте Кыргызстандан миллион мигрант эмес миллион турист чет өлкөгө чыксын деген тилектемин”

Марлен Маматалиев

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: