2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон окуялар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке жана жарандарга келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматка ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелгендердин мүлктөрү камакка алынды. Ал эми, шектүүлөрдүн туугандарынын мүлктөрү камакка алынган эмес. Бул тууралу бүгүн, 5-январда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 4-январда “бийликти күч менен басып алууга кутум уюштурууга” катышкан деп айыпталып жаткан депутат Ирина Карамушкинанын, КСДПчы Кундуз Жолдубаеванын үй-мүлктөрү камакка алынып, өздөрүнө мүлк катталбаган Мээрбек Мискенбаев менен Равшан Жээнбековдун туугандарынын мүлктөрү камакка алынды деп маалымат тараган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ