Menu

Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты: “Кадыржан Батыров Кыргызстанга кыянаттык кылган, кылмыштары бар. Ал Эл аралык издөөдө”- деп чет өлкөлөргө маалымат таратса болот”

Бөлүшүү:

Өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров бозгун болуп жүрүп да тынч жатпай, өзүн акмын деп кыргыз бийлигинен кордук көргөн өзбек улутунун лидери катары кыргыз бийлигин дүйнө жүзүнө мокочо кылып көрсөтүп келет. Биздин күч органдарыбыз унчукпай олтурат. Кыргыз-өзбек элинин ортосуна от жаккан Батыровду кармай албаган органдарга кандай баа берсек болот?

– Менимче Кадыржан Батыровдун маселесин атайын батыштын Кыргызстанга тынчтык каалабаган күчтөрүнүн жасап жаткан иштери деп ойлойм. Кайра-кайра БУУнун трибунасынан эки жолу сөз бергени, дагы ушундай маселелер Өзбекстандын радиосунан берилип жатканы Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаалды курчутуу, же болбосо мамлекеттин ичиндеги ызы чууга алып келүү аракеттери эле болсо керек. Акыркы убактарда биздин ушул стратегиялык өнөктөш болгон Россия менен биздин мамилебиздин оңолгондугу батыштын айрым лидерлеринин уйкусун бузуп жатса керек. Биздин күч органдары эч болбосо Кадыржан кайра-кайра көрүнгөн чоң трибунадан үнүн чыгарып жаткан кезде өздөрүнүн маалыматын берип “Кадыржан Батыров Кыргызстанга кыянаттык кылган, кылмыштары бар. Ал Эл аралык издөөдө”- деп чет өлкөлөргө маалымат таратса болот. Ошол эле “Азаттыктан”, башка ММКлардан мүмкүн болушунча жеткириш керек. Кадыржан биздин чек араны кайсыл күнү так кесип өткөнүн чек ара кызматтары же күч органдары тастыктап берсе жакшы болмок. Анткени ал берген интервьюларында ал чек арадан Ош окуясына чейин чыгып кеткем деп айтып жатпайбы. Ким буга дипломатиялык паспортту берди? Ошол паспорт бүгүн жокко чыгарылдыбы? Муну биздин ТИМ жакшылап иликтеп коомчулукка маалымат берүүсү абзел. Себеби 2010-жылдан кийин биздин дипломатиялык паспортторду тез эле жокко чыгарышкан. Баардык мамлекеттерге “ушундай номердеги дипломатиялык паспорт жараксыз”- деген атайын каттар жиберилет. Ушул иш чаралар жасалды бекен?

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: