Menu

Видео – Аида Салянова, ЖК депутаты: “Атамбаев 31-августта Убактылуу өкмөттүн ага чейинки эмгектерин жокко чыгарып, ишин нөлгө түшүрдү. Калптын күчү менен адамдардын атын булгап, кадыр-баркын тебелеп-тепсөө бул акмактык!”

Бөлүшүү:

“Конституцияга өзгөртүүлөрдү сунуштап жаткан бийлик анын зарылдыгы үчүн бир нече жүйөөлөрдү айтып жатышат. Парламентаризмди күчөтүү, президентти алсыздандыруу, сот реформасын жылдыруу жана башка негиздер. Бирок, мунун баары калп. Алар сунуштаган мыйзамдын долбоорунда булар тууралу бир дагы сөз жок ”, – деп билдирди бүгүн, 8-октябрда Бишкекте өткөн “Референдумга каршыбыз!” кыймылынын Курултайында атамекенчи депутат Аида Салянова.

“Бийлик элди ынандыруу үчүн гана өлкөдөгү эң талылуу тил, Кумтөр, трайбализм маселелерин козгоп жатышат. Бирок мунун баары калп. Бул маселелерди мындай жол менен чечпейт. Бул маселелерди чечүү үчун конституцияны өзгөртүүнүн зарылдыгы жок. Болгону күчтүү саясый эрк керек.  Мен генпрокурор болуп турганда, 2013-жылы көп коррупционерлер жоопко тартылышкан. Бирок соттор алардын соттоо эскерүү мөөнөтү өтүп кетти деп көбүн бошотуп жиберишти. Азыр иштеп жаткан конституцияда издөөдө жүргөн адамдар үчүн эскерүү мөөнөтү жайылтылбайт деген норма бар. Бул үчүн конституцияны өзгөртүүнүн кереги жок. Референдум өткөндөн кийин президент эбегейсиз күчтүү бийликке ээ болот. Анткени президент таркатып жиберүү коркунучун туудурганда парламент президенттин каалаган мыйзамын өткөрүп берет. Ансыз да азыр жетеленме парламент, андан да жетеленме парламентке айланып, ар келген президенттин кол баласы болуп калат. Бүгүн бийликти сындаган адамдар куугунтукка дуушар болушууда.  31-августта президент Атамбаев ага, Атамбаевге чейин жасалган эмгектерди жокко чыгарды. Убактылуу өкмөттүн иштери нөл болуп калды. Адамдын эмгегин жокко чыгарып, калптын күчү менен адамдардын атын булгап, татаал жолдо тапкан кадыр-баркын тебелеп-тепсөө бул акмактык! (кол чабуулар).  Азыр Атамекендин үч депутатын Мегакомду талап-тоногон деген ушакты таратып жатышат. Муну саясатта саясый мародерчулук деп коёт. Бирок калптын өмүрү кыска болот.  Бүгүн Кыргызстанда Ак менен Каранын, Калп менен Чындыктын күрөшү жүрүп жатат. Бийликтин калпына биз чындык менен гана жооп беришибиз керек”, – деди Аида Салянова.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видеотасма Искен Афиджановдуку

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: