Menu

Видео – Дайырбек Орунбеков, журналист: “Текебаев айткандай эл аралык аренада кадыр-баркы нөлгө түшкөн Атамбаевдин кадыр-баркы үчүн мага 2 миллион сом айыппул төлөткөнү жатышат”

Бөлүшүү:

Журналист Дайырбек Орунбековдун 8-октябрдагы өткөн элдик курултайдагы сүйлөгөн сөзү:

Урматтуу бүгүнкү курултайдын катышуучулары!

Мен негизинен бийлик тарабынан кысымга алынып жаткан жарандар жана  сөз эркиндигинин абалына  токтолуп кетүүнү тура көрдүм.

Мен, 2 жылдан ашуун убакыттан бери президент Алмаз Атамбаев тарабынан куугунтукка кабылып, жазган макалам үчүн соттолуп, доого жыгылып келе жатам. 2014-жылдын сентябрь айында 2010-жылдагы каргашалуу Ош коогалаңы тууралуу макала жазып, анда кандуу коогалаңга Убактылуу өкмөттүн күнөөсү бар экенин белгилегем. Тактап айтканда, сеператист Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаев жолугуп сүйлөшкөнү, алар өтө жакын мамиледе экенин белгилеп, Кыргызстандын түштүгүндө таасири жок калган Убактылуу өкмөт Бакиевдик контр революциячылдарга каршы Кадыржан Батыров баштаган өзбек тектүү жарандарга таянганын жазып чыккам. Анын кесепетинен ашынган сеператисттер Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз-өзбек улутунун ортосундагы тынчтыкты бузуп, жаңжал чыгарууга себеп болгон.

Мына ошол коогалаңдан кийин коогалаңдын күнөөкөрү Кадыржан Батыров Атамбаевдин жардамы менен сыртка чыгып кеткенин, анын өзүнүн маеги жарыяланган маалымат булактарына таянып азыркы президентти сынга алып жазгам. Мен башка маалымат булактарына таянып жазганыма карабай 2014-жылы октябрь айында президент Алмаз Атамбаевдин тапшырмасы менен Башкы прокурор Аида Салянова мага карата кылмыш ишин козгоду. Ал, 2015-жылдын апрель айында жарандык негизде соттошууга өзгөрүп, жаңы келген Башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин кадыр баркына шек келтирди деген күнөөлөө менен менден 2 000 000 сом моралдык чыгым жана Кыргызстандагы баардык маалымат каражаттарынан жазган макаламды жокко чыгарып, президенттен кечирим суроону талап кылып сотко кайрылды. Аламүдүн райондук соту арызды толугу менен канааттандырып мени 2 000 000 сом айыпка жыкты. Бирок, менин андай олчойгон суммадагы каражатты төлөгөнгө шартым жок. Мүмкүнчүлүгүмө жараша президенттин кадыр баркын калыбына келтирүүчү каражатты анын эсебине которуп баштадым. Соттун чечимин аткарып жатканыма карабай, Аламүдүн сот аткаруучулары соттун чечимин толук аткарбай жатат деп мага карата кылмыш козгоо сунушу менен Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып,  алар мага кылмыш ишин козгошту. Эми, президент мени каматканы жатат. Эң кызыгы, жакында  депутат Өмүрбек Текебаев жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Эмилбек Каптагаев менин жазган макаламдагы мисалдарды чындыкка дал келгенин алар да айтып чыгып, Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаев жаңжал алдында, 2010-жылдын 5-июнь  күнү жолукканын жар салышты. Ага улай элек Кадыржан Батыров өзү «Азаттык» радиосуна маек берип Убактылуу өкмөт аны сыртка чыгарып койгонун баса белгилеп өттү. Аны менен бирге Атамбаев менен өтө жакын дос экенин, 2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн кийин Убактылуу өкмөт түштүктө Бакиевдик күчтөргө каршы чогуу күрөшүп, жардам сураганын айтып берди. Мына ушундай жагдайдан кийин, менин айткандарымды толугу менен Атамбаевдин тилектештери, убагында чогуу жүргөн сапарлаштары да тактап беришти. Буга карабай, мага карата кылмыш иши уланып, Атамбаев тарабынан болуп жаткан куугунтук токтогон жок. Эмне үчүн башкалар айтса аларга сөз эркиндиг бар, мен алар айткан сөздү колдонсом мен жазага тартылам? Атамбаевдик бийликтин адилеттиги ушулбу, урматтуу курултайдын катышуучулары!

Бийлик тарабынан куугунтукка кабылган жалгыз эле мен эмесмин. Мен сыяктуу адилетсиздиктен жапа чеккен журналисттер абдан көп. Айрымдарын ачык эле «өлтүрүп коебуз» деп коркутуп жатканына байланыштуу алар мекенин таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Кашкайган дагы бир мисал, президенттин мурдагы шоопуру, саясий карьерасын тездик менен жылдырган Икромжон Илмиянов коомдук ишмер, журналист Уран Ботобековду сотко берип, бийликтин көзүн караган адилетсиз соттор аны 1 800 000 сомго доого жыккан. Мунусу аз келгенсип аны Илмияновдун бандиттери тынчын алып, артынан түшүп аңдыганы үчүн Кыргызстанды, үй бүлөөсүн жана карыган энесин аргасыз таштап чыгып кетти. Дагы бир бийликтин кемчилигин айткан жаш журналист Адилет Айтикеев бийликтин желдеттери тарабынан кысымга алынып, өзүнүн коопсуздугун сактоо максатында ал дагы аргасыз мекенин таштады. Жакында эле «24.KG» маалымат каражатынын журналисти Дарья Подольскаяга белгисиз адамдар кол салып, аны сабап кетишкен. Тилекке каршы ал кылмышкерлер да балыган жок. Мына ушундай эскертүү алган журналисттер бийликтин кемчилигин айткандан кооптонуп калышты. Жакында «Кыргыз таймс» деген басылманын журналисти Кенжебек Жумабаев УКМК тарабынан камакка алынды.

Ал эми КТРК баш болгон бийликтин акырынан жем жеген басылмалар, мойнунан байланган журналисттер оппозиция өкүлдөрүн канчалык караласа да аларга «сөз эркиндиги» берилип, бийлик аларды коргоп, колдоп, кайра каржылап жатат. Бийликти сынга алгандар зөөкүрлөр тарабынан басмырланып же сотто сүйрөлүп жүрүшөт. Ушулбу Атамбаевдин бийлигинин адилеттиги?! Бийликти сынга алгандарды КТРК аркылуу каалагандай каралатып, бир тараптуу маалыматтарды бүткүл элге жеткирип жатат. Жакында, оппозиционер саясатчы Адиль Турдукуловду «шпион» деп каралап, кайсы бир таарынычы бар саткындардын сөзүн мамлекеттик теле каналдан көрсөттү. Бул эмне деген шермендечилик!?

Бүгүнкү күндө сөз эркиндиги муунтулган абалга кептелди. Аны Алмаз Атамбаев башында турган мамлекеттик бийлик өкүлдөрү ар кандай жолдор менен муунтуп жатат. Биз демократиялык-укуктук мамлекетте жашап жатканыбызга күмөн санап калдык. Адам укугу соттор тарабынан кордолуп жатат. Мына ушундай адилетсиздик бийлик башында турган Алмаз Шаршенович, эми өзүнүн бийлигин өмүр бою колго алгысы келип, Башмыйзамды алмаштырууга катуу аракетин кылып жатат.

Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Биз биргеликте туруп бийликтин мындай осол кадамын, арам оюн ишке ашыруусуна жол бербешибиз керек. Кыргызда орок оро албаган орок тандайт деген накыл кеп бар, анын сыңарындай мамлекетти жөндөп башкара албаган президент Атамбаев мөөнөтү бүтүп баратканда Башмыйзамды алмаштырууга ашыкпай, өзүнүн акыл жөндөмүн арттырууга жана эси барында этегин жабуусуна чакыралы!

Өмүрбек Чиркешович президент Алмаз Атамбаев боюнча ал Турцияга дарыланууга барса, эч бир оорукана аны кабыл албай, аргасыз мейманканада дарыланганын айтты. Мына ушундай эл аралык аренада кадыр баркы жок адамдын кадырын мен 2 000 000 сомго баалап жүрүпмүн көрсө!

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: