Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында «Аль Мулла групп» жана «Аль Баяни» компанияларынын (Бириккен араб эмираты) өкүлдөрү менен жолугушту.
Премьер-министр Сапар Исаковдун Бириккен араб эмиратындагы ири компаниялардын бири «Аль Мулла групп» өкүлү Мухаммед Али Аль Мулла менен жолугушуусу учурунда тараптар кызматташуу келечегин талкуулады.
Белгилесек, өткөн жылы атамекендик «Аю Холдинг» компаниясы «Артезиан» соода маркасы менен ичүүчү минералдык сууну Персид булуңунун бардык өлкөлөрүнө – Оман, Катар, Сауд Аравиясы, Кувейт, БАЭ жана Бахрейнге ташуу боюнча келишимге кол койгон.
Андан соң Өкмөт башчы «Аль-Бауани» компаниясынын аткаруучу директору Факер Абдельмуин Аль-Шаваф менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кызматташтык жана кыргыз экономикасына инвестициялоо маселесин талкуулады.
«Аль-Бауани» компаниясынын аткаруучу директору Факер Абдельмуин Аль-Шаваф Бишкек шаарында бизнес-борбор жана мейманкана куруу ниети тууралуу билдирди.
Тараптар жакын арада Бишкекке келүүчү эксперттердин деңгээлинде ишти улантууну макулдашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ