Казакстандын башкы прокурору 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган чогулуш учурунда кол алдындагылардын ишин катуу сынга алды.
Башкы прокурор Жакип Асанов прокуратура кызматкерлеринин арасында “эт менен челдин” ортосунда жүргөндөр арбын экенин белгиледи. Башпрокурор кызматкерлер эртеден кечке мамлекеттик маанилүү иштер менен алпурушуп жаткандай түр көрсөтпөшү керектигин айтты. Асанов аларды жумушка болгон мамилени кескин өзгөртүп, жаңыча ой жүгүртүүгө чакырды.
Президенттин жардамчысы – Казакстан коопсуздук кеңешинин катчысы Владимир Жумаканов былтыр прокуратура имаратынын алдында болгон өзүн өрттө акцияларын эске салып, кызматкерлерди мыйзамдуулуктун сакталышына жигердүү көзөмөл жүргүзүүгө үндөдү.
2016-жылы 6-декабрда Жамбыл облусунун жашоочусу Майра Рысманова уулунун мыйзамсыз соттолуп жатканынан каршылыгын билдирип, прокуратура имаратынын алдында өзүнө өрт койгон. Ал ооруканада көз жумган. Башкы прокуратура бул иш боюнча териштирүү жүргүзүүнү убадалаган. 22-декабрда Шымкент шаарында жергиликтүү ишкер Нуркен Айнабеков бензин чачып өрттөнгөн. Ал көз боёмочулук иши боюнча шектүү катары эсептелип жаткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ