«Кечээ Бишкекте болгон жол кырсыгы учурунда мен рулда эмес, машинанын арткы орундугунда олтургамын. Ичкен эмесмин. Мен тууралу калп маалымат таратып жатышат», – деп билдирди бүгүн, 12-февралда милициянын подполковниги Айбек Сыдыков телефон аркылуу биздин редакцияга.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн бир нече маалымат каражаттары Бишкек милициясынын кызматкери, подполковник Айбек Сыдыков мас абалында жол кырсыгына кабылып, бир нече машинага залака кетирди деп жазып чыгышкан.
Ал эми Бишкек милициясы бул факт иликтенип жатканын, Сыдыков ИИМдин кадрларды жайгаштыруу бөлүмүнүн карамагына өткөрүлгөнүн билдирген.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ