Menu

Сапар Исаков президент Жээнбековду маскаралап, жалпы кыргыз элин мазактады

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү, 16-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик резиденцияда КСДП фракциясынын депутаттары менен жабык жыйын курду. Ага фракциядагы депутаттардын тең жарымы катышты. Коомчулукта бул жыйын катуу талкууга түшүп, партиялык жыйынын резиденцияда өткөргөн Атамбаевдин аракетин сындашууда. Эл күткөндөй, жыйында Атамбаев Жээнбековдун дарегине сындарды дагы жаадырып, «туура эмес саясат жасап жатат» дегендей ишарат билдирген. Жолугушуу боюнча КСДП партиясынын катчылыгы болсо, «партиянын 2020-жылга парламенттик шайлоого даярдыгы талкууланды» деп билдирди. Атамбаевдин жашыруун жыйыны тууралуу коомдук ишмер Эдил Байсалов өз оюн айтты.

-Алмазбек Атамбаев парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттарын резиденциядагы иш кеңсесинде кабыл алды. Лидери менен жолугушууга 38 депутаттын баары чакырылган экен, бирок 19у барганы айтылды. Дегеле, резиденцияда партиялык жыйын өткөрүү өзүм билемдик эмеспи? Этикага сыябы, же Атамбаев укуктарынан аша чаап кетип жатабы?

– Атамбаев алты жыл мамлекетти башкарды, азыр ал экс-президент катары өз ордун билиши керек. Өзүнүн экс-президенттик укуктарын партиялык ишине колдонгону, албетте, суроо жаратат. Мыйзамда жок мындай. Тарыхта да болгон эмес. Резиденция – мамлекеттик эң ири стратегиялык объект. Ал жерде мамлекеттик жетекчилер жашашат. Президенттин кабыл алуулары болот. Резиденцияда партиялык жыйындар эч качан болгон эмес.

– Ошол жыйында Фарид Ниязов партиянын төрага орун басарлыгынан четтетилгени айтылды. Мунун артында эмне болушу мүмкүн?

– Бул Атамбаевдин кадимки эле кадр саясатынын туруксуздугу. Бийликте турган кезинде кимдерди кызматтарга дайындаган, азыр кимдерди дайындаттырып жатат, көрүп жатабыз. Фаридди каякка гана сүйрөгөн жок. Эми партиялык иштен алып, «фондго төрагалык кыласың» деп койду. Муну кээ бирөөлөр «булар сценарий, план менен иштеп жатышат» дешет. Мен айтат элем, булардын планы да, сценарийи да жок. Эртең менен буту каякты карап, башы каякка бурулса, ошол жакка басат. Атамбаев бир да киши менен туруктуу иштеше албайт. Президенттиги бүткөндөн кийин, партиялык төгаралыкка шайланган эле күнү көрдүк го башаламандыктарын.

– КСДП фракциясына кандай баа бересиз?

– Фракциядагы 38 депутат жыйынга чакырылса, ошонун 19у гана барыптыр. Муну фракция деп айтууга болобу? Ошолордун ичинен дагы «бармак эмеспиз, канча жылдан бери Атамбаевге кире албай, айта албай, даттана албай келген таарынычтарыбызды айтуу үчүн бардык, экинчи жолу барбайбыз» деп эки-үчөө мага айтышты. Бизде кыргызда улууну сыйлоо деген бар. Барбай тургандары деле «улуу киши чакырып аткандан кийин, барса барып коёюнчу, сатып кеткендей болбоюн» деп баргандар болуптур. Угуп жатабыз мунун баарын.

 – Атамбаев депутаттар менен жолугуп жаткан маалда премьер-министр Сапар Исаков экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын төрагалыгына бир жума мурун Жээнбеков кызматтан алган Болот Сүйүмбаевди дайындады. Бул дайындоо президент менен кеңешилбеген чечим болду жана бул кадам Жээнбеков менен Сапар Исаковдун ортосундагы тиреш ачыкка чыккандыгынын далили катары бааланууда…

– Албете, муну Сапар Исаков өзү билип жасап жаткан жок. Бул иштерди Атамбаев жасап жатат. Бирок, Атамбаевдин буйругун аткаргандыгы, айрыкча Сүйүмбаевди кызматка дайындагандыгы Сапар Исаковдун саясатчы эместигинин дагы бир далдилин кашкайтып көргөздү. Мен дайыма айтып келем, Сапар Исаков саясатчы эмес, мамлекеттик ишмер да эмес. Деңгээли төмөн, жөнөкөй кагаз ташыгыч, колго суу куйгуч. Эгер ал саясатчы болсо, Атамбаев жанагыдай сөз айтканда каршылык билдириш керек болчу. «Жок! Мен муну кийин жасасам да, азыр жасай албайм, мындай чечимге бара албайм, мен азыр отчетумдан өтүп алайын» демек. Бирок, ал анте албайт, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып турат.

– Кадрдык дайындоосуна не дейсиз?

– А Болот Сүйүмбаев деген ким? Ал катардагы эле жансакчы. Атамбаевдин Икрамдан кем эмес жакын адамы. Акыркы 6-7 жыл ичинде көптөгөн кадрдык маселелерге кийлигишип, бутка турган адам. Мен аны мурун жакшы билчүмүн. Биз аны «Сары» деп койчубуз. Жашоо-турмушу орто, биздей эле турчу. Азыр угуп жатам, Кыргызстандын эң бай адамдарынын бири болуп калыптыр. УКМК орун басарлыгынан алынгандан тартып, ал тууралуу көп терс маалыматтарды угуп, окуп жатам. «Баланчамды тартып алган, басып алган», «контрабандист», «эл аралык трафиктерге катышы бар» ж.б. деп жазып чыгышты. Мына ушундай кишини так ошол экономикалык кылмыштар менен күрөшө турган кызматка алып барганы бир чети күлкүнү келтирсе, экинчи жагынан кыжырды келтирди. Бул президент Сооронбай Жээнбековду маскаралагандык, жалпы элди, коомдук пикирлерди мазактагандык. Менин оюмча, бул Сапар Исаковдун акыркы өз алдынча чечими болду. Башынан эле айтып келебиз, бул киши ээрге кыйшык отурган. Бул бала кыргыз элин жыргатпайт. Ушул жумадан калбай, ал өкмөт башчылыктан кетирилиши керек. Антпесе, эл өкмөттөн, мамлекеттен түңүлүп калышы мүмкүн.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: