Мурдагы Президент Атамбаевдин айланасындагы ар кандай ызы-чууларга Мира Жангарачева кандайча аралашып калганын кызык болууда. Кой-Таштагы болуп жаткан окуялар учурунда интернетке «Асанов менен Жангарачеванын телефон сүйлөшүүсү болушу мүмкүн” деген аудио тараган болчу. Сүйлөшүү 7-августта болгону айтылып, аял киши маектешипп жаткан экинчи кишиге: “Анын шаарга түшүп, талкалап салышын каалап жатасыңарбы?» деген мазмунда кайрылган. Аудиомаектин үзүндүсүндө сөз ким жөнүндө болуп жатканы айтылган эмес. Ал аял Жангарачева болушу мүмкүн экени гана айтылып, ал соц.тармактарда кызуу талкууну жараткан болчу. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачева ички иштер министринин иштен алынган орун басары Курсан Асанов менен телефондон сүйлөшкөнү айтылган аудио боюнча билдирүү кылып, сүйлөшүүдөгү адам ал эмес экенин, Курсан Асановду жакындан жакшы тааныбасын да кошумчалап, маалыматта тараткан “фейк” деп билдирген. “Эмне кааласа ошону чысара беришсин. Бир-эки күн чыбайм, анан «ар-намысыма шек келтирби» деп сотко кайрылам. Курсан Асановду сыртынан эле тааныбасам, ал кишини билбейм” – деди Жангарачева.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ