Menu

Дубнов: Орусия өтүнсө, Бишкектин Сирияга аскер жөнөтүүдөн баш тартышы кыйын болот

Бөлүшүү:

РИА новости басылмасынын Орусия Казакстан менен Кыргызстандын аскерин Сирияга киргизүү үчүн сүйлөшүп жатат деген кабарын эки өлкө тең четке какты.

Бул кабар Орусия Кыргызстандын бардык карызын кечүү чечимине туш келди.

Сирияга аскер жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргөн жок

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров аскер жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жок экенин, бирок бул сөз Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюумунун туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинде козголгонун билдирди.

“Кыргыз куралдуу күчтөрүн Сирияга жөнөтүү боюнча эч кандай сүйлөшүү жок. Бул маселе ЖККУнун туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинде көтөрүлгөн. Бирок кыргыз армиясын эмес, ЖККУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүн Сириядагы деэскалация аймактарына жөнөтүү боюнча маселе көтөрүлгөн. Бирок ал андан ары уланган эмес”, – деди Жумакадыров Би-Би-Сиге.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов бул маалыматты жалган деди. Ал мындан сырткары кайсы жерге болбосун өзүнүн тынчтыкты орнотуучуларын жөнөтүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясы зарыл экенин белгилеген

Астана Сирияда тынчтыкты орнотуу боюнча кызыктар тараптарга сүйлөшүүгө аянтча болгону менен салым коштук деп, аскер жөнөтүү кадамдарына барбай турганын кыйыткандай билдирүү жарыялады.

Кыргызстандын да Сирия менен эч кандай байланышы жок. ЖККУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүнө кыргыз аскерлери кирет.

Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн Сирияга кириши үчүнэки өлкө ортосунда аскердик кызматташтык жок

Шамал болбосо, теректин башы кыймылдабайбы?

Сирияда тынчтык орнотуу боюнча Астанадагы үчүнчү сүйлөшүү

Кыргызстандык эскперттер да ЖККУ менен Сирия кесилишпей турганын белгилеп жатышат. Алардын бири Артур Медетбеков, азырынча бул Мамлекеттик думадагы бир депутаттын гана сөзү экенине көңүл буруп, ошол эле маалда Орусия Сирияга башка өлкөлөрдүн аскерин киргизгиси келсе, ЖККУнун жоболорун өзгөртүш керек болот дейт:

“Бул келечекте карала турган маселелердин бири болушу мүмкүн. Орусиянын коргоо министри менен вице-премьер министринин Кыргызстанга келип кетишинен божомолдосок болот. Кыргызстандын аскери мыкты куралданган эмес, бирок саясий себептерден улам, стратегиялык өнөктөш болгондуктан аскер жиберүүгө парламенттин чечими чыгып калса, иш башка”.

Артур Медетбеков айткандай, андай болгон күндө да ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери террористтер, талаа командирлери менен байланышка барып, ыкчам, агентурдук же тынчтык миссиясы боюнча иштерди жүргүзүүгө тил, дин жагынан деле даяр эмес.

Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрага орун басары Каныбек Иманалиев тынчтыкты орнотууга катышууда мыйзамга токтолуп, Кыргызстан чечимин көз карандысыз кабыл алат деди.Бул боюнча өкмөт парламентке кайрылса, ал өтүш үчүн депутаттардын үчтөн экиси колдош керек.

Бирок депутаттын кыргыз аскерлери Сирияга мониторинг үчүн барса, тажрыйба топтошмок деген ою сынга кабылууда.

“Бизде 2010-жылдан кийин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун офицерлери жүргөндөй статуста, чындап эле кырсыктан алысыраак, тартипти камсыздоо үчүн мониторингге катышса, коркунуч азыраак деп ойлойм. Эл аралык операцияларга катышчу куралдуу күчтөрүбүз тажрыйбадан өтүш керек. Себеби “ИМ” дүйнөлүк террордук коркунуч. Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн эртең, бүрсүгүнү пайда болчу коркунуч. Биз ага даяр болушубуз керек. Анда биз дагы эл аралык аскер уюмдарына кайрылууга мажбур болобуз”, – деди Иманалиев Би-Би-Сиге.

Орусия Кыргызстандын карызын кандай шарт менен кечип жатат?

Орус жана түрк медиаларынын бул кабары Орусия Кыргызстандын бардык карызын кечерин айткандан кийин чыгууда.

Орусия Кыргызстандын 2012-жылдан берки 240 млн. доллар насыясын кечип жатат. Анын кунуна Кыргызстан эмне берет, карызды жоюу кандай шарттар менен макулдашты деген суроо турат. Каржы министрлиги эч кандай шарт коюлган жок деп ишендирет.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапарында Орусия Кыргызстандын бардык карызын кечти

“Бул эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу максатында жасалды. Ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына тышкы карыздын эсебинен жардамы деп караса болот. Эки өлкө ортосундагы көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин карызды эсептен алууга кол коюлду”, – деп түшүндүрдү карызды жоюу себебин Каржы министрлигинин коомчулук менен байланышуу секторунун башчысы Гүлмира Түгөлбаева.

Орусия 2013-жылы да Кыргызстандын 188,9 миллион доллар карызын кечип, 300 миллиону калган. Акыркы эки жылда 60 миллион долларын кечирип, 240 миллион насыясы калган эле.

Орусиялык эксперт Аркадий Дубнов Орусия жакын өнөктөштөрүнүн карызын кечирип коюшу мүмкүн, айрыкча Кыргызстан менен ЖККУ жана ЕАЭБ болуп эки уюмдун ичинде турушат дейт. Анын үстүнө аны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү деле жок болчу дейт эксперт.

“Бул үчүн Кыргызстан эмне берерин мен так айта албайм. Бирок Атамбаевдин Москвага сапары, Сирия боюнча акыркы жаңылыктар менен бирге карай турган болсок, Сириядагы жөнгө салуу боюнча негизги аянтча болгон Казакстан эмнеге мындар ары да режимди сактоо боюнча жоопкерчиликтин бир бөлүгүн албаш керек? Ал эми Кыргызстанды карасак, Москва Бишкектин бардык карызын кечкенден кийин баш тартышы кыйын болот”.

Деэскалация согуштук аракеттердин азаюуусу. Артур Медетбеков Сириядагы мындай аймактарга байкоо жүргүзүү барсын, мейли тынчтыкты орнотуу үчүн барсын аскерлерге кесепети тийет дейт. Анткени ал Сириядагы конфликт фронту, флангасы жок, террористтик согуш экенин белгиледи.

Анын үстүнө дүйнө боюнча тынчтыкты орнотуу аракеттери натыйжалуу болбой келет.

Медетбеков да ички чыр чечилмейин үчүнчү өлкө келип согушту жайгарып коё албайт деген пикирде.

Булак: “bbc.com

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: