Токтогул районунун 57 жаштагы жашоочусу Бишкек-Ош унаа жолунун жанындагы даракка асылып, каза болду. Бул маалыматты прокуратурадан тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-августта кечки саат 17:00 чамасында Кара-Көл шаарынын Көк-Бел участогунда, тактап айтканда Бишкек-Ош жолунун 351-чакырымында даракка асылган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Каза болгон адам 1963-жылы туулган, Үч-Терек айылынын Ю.Ж.Ш. аттуу тургуну.
Алдын ала маалыматтар боюнча ал адам өз өмүрүнө кол салган. Азыркы учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ