Menu

Эртеңден баштап Кыргызстандагы бала бакчалар 8-апрелге чейин жабылат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-мартта Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектепке чейинки билим берүү тармагындагы уюмдардын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, 20-марттан 8-апрелге чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдарды эрте өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгү  токтотулат.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары бул буйрукту менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, эрте өнүктүрүү борборлорунун  жетекчилерине жеткирүүгө милдеттендирилди.

Ошондой эле бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, эрте өнүктүрүү борборлорунун жетекчилери буйрукту тиешелүү уюмдардын жетекчилерине жана ата-энелерге жеткирүү жана билим берүү уюмунун имараттарында эки күндүн ичинде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү талабы коюлду.

Эмгек кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, республикалык бюджеттен каржыланган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: