Menu

Видео – Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Кыргыздын теңинен көбү “понт” менен жашайт, баасы $1000 айфон көтөрүп алат”

Бөлүшүү:

“Убакыт келди, экономикада экономист менен финансисттерди угалы, саламаттыкты сактоодо врачтарды угалы. Бардыгы жайында болот. Эч качан асман жерге түшүп кетпейт, Нарын дарыясы мурдагыдай эле ага берет, кыз-келиндер төрөй берет. Турмуш жүрө берет. Бирок мындан ары эрежелерди сактаганды, үнөмдөгөндү үйрөнөлү”, – деп билдирди бүгүн, 18-мартта депутат Акылбек Жапаров “Парламентаризм сабактары” телеберүүсүндө.

“Кыргыздын теңинен көбү “понт” менен жашайт, жалаң эле бирдеме-сирдемелерди, баасы $1000 айфон көтөрүп алат да, баасы $100 телефон менен жүрсө болот. Бирок алар эски болсо 300-500 доллардык айфон көтөрүш керек. Сөзсүз жылтырак-жултурактын баарын кийинип алып жүрүш керек. Жаштардын баарына кайрылат элем: азыр ушул “понттордун” баарын токтотуп, ата-энеңердин чыгашасын азайткыла. Чыгашаны ирээттегенди да үйрөнүп алалы ” – деди депутат Акылбек Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: