Menu

Түркмөнстанда чет өлкөгө алып чыга турган валюта суммасына чектөө киргизилди

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда чет өлкөгө алып чыгууга уруксат берилген акчанын өлчөмү 16-июлдан тарта 3000 долларга чейин төмөндөтүлдү.

Түркмөнстандагы экономикалык каатчылыктын фонунда жарандар үчүн каржылык чектөө күн сайын күчөп баратат. Мындан ары Ашхабаддын эл аралык аэропортунан учкан жүргүнчүлөр жанындагы бардык буюм-тайымын, акчаларын каттоодон өткөрүшү керек. Чет өлкөгө 3000 миң доллардан ашуун акча алып өтүүгө уруксат берилбейт.

Буга чейинки чек — 10 000 миң АКШ доллары болчу.

Бул маалыматты Түркияга жана башка өлкөлөргө чыгып бараткан мигранттар жана ишкерлер да тастыкташты.

“Соода үчүн валюта алып чыгуунун шарттары да катаалдаштырылды. Эгер Түркмөнстандан акча алып чыккың келсе, маселе башталат. Бажыда “Дайхан банк” же “Сенагат банктан” көчүрмө талап кылынат. Андан соң ишкерликти тастыктаган документтерди көрсөтүү керек. Салык жөнүндө маалымкатты сурашат”, – деди соода иштери менен Стамбулга келген жарандардын бири.

Түркмөн ишкерлеринин айтымында мурда акыркы үч жылдагы салык маалыматы талап кылынып келсе, азыр акыркы айдагы төлөмдөр тууралуу документтерди көрсөтүү зарыл.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: