Menu

Видео -Украинада жумуштан бошотулган аскер кызматкери өзүн-өзү өрттөдү

Бөлүшүү:

Киевде мурунку аскер кызматкери Сергей Ульянов жумуштан бошотулганы үчүн Коргоо министрлигинин имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөп жиберди.

Аны кесиптештери токтотуп калууга аракет жасашкан, бирок ал өзүнө күйүүчү май куюп, өрт коюуга үлгүргөн. Куткаруучулар өрттү ылдам өчүрүп, “тез жардам” чакырып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.

Учурда Сергей Ульяновдун өмүрүнө коркунуч жаралган жок.

Ульянов журналисттерге эки жылдан бери армиядагы жумушун калыбына келтирүүгө аракет жасап келгенин, бирок майнап чыкпаганын билдирди. Өзүн-өзү өрттөө менен ал көйгөйүнө көңүл бурдурууну каалаган.

Ульяновдун айтымында, жумуштан бошотулгандан кийин айлыгы толук төлөнүп берилген эмес жана тиешелүү документтерин да ала албай калган. “Мен аскердик каттоого да тура албайм. Кадимкидей жашап, иштеп, өнүгө албайм”-, деди ал.

Ульянов буга чейин да өзүн өрттөөгө аракет жасаган. “Июнь айында ал Коргоо министрлигинин ыкчам линиясына кайрылып, коргонуу мекемесинин имаратынын алдында акция өткөрөрүн эскерткен. Кийинчерээк ал АКШ элчилигинин жанында өзүн өрттөй турганын маалымдаган”, – деди Украина Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциялар бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алексей Никифоров.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: