Menu

Бишкекте 9-класстын эки окуучусу 8-класстын окуучусунан акча талап кылып, эринин жарып, тишин сындыра сабашкан

Бөлүшүү:

12-октябрда саат 12:30да Бишкек шаарынын  №47-мектебинде 9-класстын окуучулары   8-класстын окуучусунан  акча талап кылып, баланы  ур-токмокко алышкан. Жыйынтыгында баланын үстүнкү эрини жана башы жарылган, эки тиши жана жаагы сынган. Баланын мээси чайкалган жана эс-учун жоготкон. Бул тууралуу Канышай  Дүйшенбекова аттуу  Фейсбук колдонуучусу социалдык тармактарга жарыялаган.

Окуя боюнча ИИМ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Опузалап акча талап кылуу”  беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Бейбаш балдар буга чейин да мындай иштерге аралашып, шаардык милицияда каттоодо турган.

Таяк жеген баланын апасы Асель Мырзабекова “Ур-токмокко алган балдардын биринин атасы ИИМде иштейт экен, байланыштары күчтүү дешет, ошондуктан бул иштен оңой кутулуп кетиши мүмкүн”, – деп кооптонууда.

Адвокат Улан Жумаков окуя боюнча кыжырданып төмөндөгүлөрдү фейсбуктагы баракчасында билдирген.

“Мен буга чейин башкармалыкты мектептеги рэкеттерге маани берүүсүн өтүнгөм, бирок, эч ким көңүл бурган эмес, эми болор иш болгондон соң иликтеп башташты. Эскертүү иштерин алып барганы ИИМдин убактысы жок беле?!”- деп билдирген адвокат.

Буга чейин адвокат 6-октябрда жазган билдирүүсүндө президентке кайрылып, төмөндөгүлөрдү айткан.

“Аламүдүн районунун мектептеринин биринде белгисиз бирөөлөр чоң класстардан күнүнө  5 сомдон жогорку өлчөмдөгү акчаны талап кылышат экен. Таң калыштуусу Аламүдүн районунун ички иштер министрлиги  мектептерде рэкет бар экенин билип туруп,эч кандай иш козгобой жатат. Ата-энелер милицияга баруудан коркушат, анткени баласынын бул окуядан кийинки жашоосу ойлондурат. Анткени, “саткынчы” деп баласын мындан бетер ур-токмокко алышы мүмкүн. Жергиликтүү органдар эмне кылып жатышат?  Бул эмне деген криминалдык түшүнүк?”-деп жазган адвокат.

Нурзида Тойгомбаева

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: