Өзү кызматтан кеткендер тынч олтура албайт тура. Бул кызмат дегениң «эбола» вирусунан да коркунучтуу дарт окшойт да. Эсеби маселен, оаягы Баткен областын кыска мөөнөткө жетектеген экс-губернатор Арзыбек Бурханов деген эрен бар эмеспи. Кызматтан кеткен соң дымып, шүк олтурган. Бирок, аз убакыттан бери кыймылга кириптир. Дегеним, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун камын эмитен көрүп, улам бир партиянын эшигин каккылап жүрөт. Эл үчүн күйсө, элге мандаты жок эле кызмат кылса болбойбу, жарыктык!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ