Президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин ишенимдуу адамдары Борбордук шайлоо комиссиясына 38 642 жарандын кол тамгасын тапшырышты, – деп билдирди “Ата-Мекен” партиясынын пресс-кызматы. Текебаевдин президенттикке баруусун колдоо үчүн 50 000 ашык жарандардын кол тамгасы чогулган.
Талапкердин тарапташтары андан иргеп, жарактуусун БШКга өткөрүшту. Кол тамгалар өлкөнун жети дубанынан чогулган. Бланктарды БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүү үчүн жумушчу топко тапшырып берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ