Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго Вашингтондун жаңы санкцияларына карата Москва кабыл алган чаралар тууралуу маалымат берди.
Лавровдун билдиришинче, ал Тиллерсон менен Манилада (Филиппин) өтүп жаткан коопсуздук боюнча АСЕАН форумунун алкагында жолугуп, узак сүйлөшүү өткөрдү. Орусия министринин айтымында, анын АКШ мамкатчысына берген маалыматтары толугу менен орус президенти Владимир Путиндин 30-июлда «Россия» телеканалына курган маегине негизделген.
Лавров АКШ тирешүүнү токтоткон шартта Москва Вашингтон менен нормалдуу диалогду калыбына келтирүүгө даяр экенин белгиледи.
28-июлда Орусия ТИМи өлкөдөгү АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү кызматкерлердин санын 455 кишиге чейин кыскартып, америкалык элчилик өкүлдөрүнүн Москвадагы дачаны пайдалануусуна тыюу салынарын жарыялаган.
Кремль бул 27-июлда АКШ Конгресси кабыл алган Орусияга каршы санкцияларды катаалдатуу тууралуу мыйзамга жооп болорун билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ