Menu

АКШ Эстонияга 150 аба десантчысын жөнөтөт

Бөлүшүү:

АКШ “Батыш-2017” орус-беларусь окуулары өтүр жаткан маалда Эстонияга аба десантчыларынын ротасын жиберет. 150 аскер кызматкери августтун аягында келет. Бул тууралуу Эстониянын Коргоо күчтөрүнүн башкы штабынан билдиришти.

Орусия менен Беларустун “Батыш” биргелешкен окуулары 14-20-сентябрь аралыгында өтөт. Орусиянын Коргоо министрлиги машыгууга 13 миң аскер кызматкери катышарын билдирди.

Балтия өлкөлөрү буга кабатыр болууда. Алар Орусия машыгуунун шылтоосу менен башка операциялар үчүн Беларуска курал жеткириши мүмкүн деп эсептешет. НАТО “Батыш-2017” иш-чарасына ынтаа менен көз салууну убада кылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: