2017-жылдын 5-август күнү, болжол менен саат 04:30дар чамасында, Бишкек шаарынын “Көлмө” жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган “Тойота Калдина” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө айдап кеткендиги тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май РИИБне Бишкек шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 172-беренесине ылайык (авто унааны мыйзамсыз ээлеп алуу) кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жана патрулдук милиция кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 19 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышты жасагандыгын моюнуна алып, учурда Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ