Menu

ИИМдин Коомдук кеңеши Нарын облустук ИИБнын өздүк курамына семинар-тренинг өтүштү

Бөлүшүү:
7-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык офисинин жардамы аркылуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен өздүк курамына семинар- тренинг өтүштү. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, ички иштер органынын ишмердүүлүгүн комплекстүү түрдө баалоо боюнча эксперти, отставкадагы милициянын полковниги Өмүрбек Нурманкулов, Нарын облустук ИИБнын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Сарчаев жана Нарын облустук ИИБнын өздүк курамы катышты.

Бул жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын ишмердүүлүгүн комплекстүү түрдө баалоонун негизин, Кыргыз Республикасынын ИИОнун коомдук-жарандык институттар менен иштешүүсүн, андан сырткары, “Мамлекеттик органдардын Коомдук кеңештери тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча сууроолорду Нарын облустук ИИБнын жетекчилиги менен өздүк курамына жеткирүү болду.
Нарын облустук ИИБнын башчысы Нурлан Сарчаев ички иштер органынын иши тууралуу, облустун жашоочуларын тынчсыздандырып жаткан суроолор боюнча, коомдук түзүмдөр менен иштешүүдөгү багыттар жана алдыга койгон пландар жөнүндө айтып берди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыров: “Топтолгон тажрыйба толук колдонулушу керек, анткени Нарын облусунда буга толук мүмкүнчүлүк бар”,- деп белгиледи. Ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү жолдун коопсуздугу, экстремизмге каршы күрөшүү, жаштар арасындагы өзүнө-өзү кол салуусуна байланышкан суроолорго көңүл буруп иштөөлөрүн сунуштап кетишти. Андан сырткары, Шамшыбек Мамыров милиция кызматкерлерине кайрылып, өздүк курамга жергиликтүү коомдук кеңешин түзүп алууларын жана коомдук институттар менен иштешүүдө бир кыйла жеңилдиктер болоорун белгилеп кетти.

Өмүрбек Нурманкулов Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын ишмердүүлүгүн комплекстүү түрдө баалоонун негизин айтып, милиция кызматкерлеринен кызмат учурунда келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө айтып берүүлөрүн суранды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши колунан келген жардамдарын бермей болушту.

Өз кезегинде Нарын облустук ИИБнын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Сарчаев өздүк курам ар дайым Кыргызстандын эли үчүн ак ниеттүүлүк менен кызмат кылышаарын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешин ар тараптан колдошоорун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Коомдук кеңештин мүчөлөрү башкармалыктын мекемесин жана жарандарды кабыл алуучу коомдук кабылдамасын карап чыгышып, Нарын облустук ИИБнын ишмердүүлүгүнө оң баа беришти. Нарын облустук  ички иштер башкармалыгы  облустук администрация менен биргеликте иш алып барышып, Нарын элинин көйгөйлөрүн оң жагына чечип элдин ишенимине ээ болуп келишүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: