2021-жылдын, 18-январында Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда “Манас” Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы аткарат. Авиакомпания ар жуманын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт түзөт.
Бишкектен учуп кетүү – 11:00.
Исфанага учуп келүү – 12:15.
Исфанадан учуп кетүү – 13:05,
Бишкекке учуп келүү – 14: 20.
Маалымат катары: 2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Реконструкция долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү. Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.
Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы аянты 553 кв.м. болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ