Menu

“Багыт”: Чүй, Нарын, Көл эли Тагай бийге чейин эле жашап келишкен

Бөлүшүү:

Акыркы учурда тарыхты, санжыраны билбегендер, билсе да чала бучук окуп, же угуп алгандар ошол чийки санжырасын көпчүлүккө таңуулап, тамтаңдап жүргөндөрдүн саны арбын. Ал тургай айрым тарыхчылар деле кыргыздын негизги санжырасын деле бурмалап жазып жүрүшөт. Элибизде “Молдонун айтканын ук, кылганын кылба” – деген сөз бар. Анын сыңарындай айрым молдокелер да санжыраны сайрап жүрүшөт. Так, кыйын билсе сөз жок деңизчи. Бирок билбеген соң, өз ишин кылып жүрө беришсе… Маселен, биз ушул сөздү Өмүрбек Кулов деген котормочу, теолог, аалым болуп жүргөн замандашыбызга багыттайлы. Бул адам уялбай туруп эле: “Чүй, Көл, Нарындын эли – түбү келип оштук. Анткени, булар Тагай бийдин балдары. Тагай бий болсо Алайда туулган” – деп урдурган экен. Аалым киши да ушунча тайыз, ушунча билимсиз болобу. Тагай бий 16-кылымдарда жашаган инсан. Ал эми Чүй, Нарын, Көл өрөөндөрүндө жашашкан элдин түпкү аталары Тагай бийге чейин эле жашап өтүшкөн. Үч өрөөндүн эли мына ошол түпкү аталардан тарашкан. Кыскасы, бир жерге, бир өрөөнгө, бир инсанга тартканды токтотуп, тарыхты, санжыраны так билген гана кишилер айтышса…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: