Коридорго убактылуу жаткырылган бейтаптар бөлмөлөргө киргизилип, учурда тиешелүү шартта дарыланып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Аксы райондук ооруканасынын башчысынын орун басары Кылыч Буланбеков журналисттерге билдирди.
Анын айтыманда, оорукана райондогу 130 миңден ашуун элди тейлейт. Ал жерге ишемби, жекшемби күндөрү адамдар көп келет. Ошондуктан алар убактылуу коридорго жаткырылган. Ошол эле күнү бөлмөлөргө киргизилген.
Эске сала кетсек, кечээ, 5-январда Аксы райондук ооруканасында бейтаптардын коридордо жатканы тартылган сүрөт социалдык тармактарда тарап, катуу сынга кабылган. Сүрөттөн балалуу энелер коридордо керебетте жатканын көрүүгө болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ