Menu

Улуу Британиянын КРдагы элчиси Чарльз Гаррет Айтматовдун “Эрте жаздагы турналарын” окуй баштаганын, “тизгин”, “чабдар ат”, “тушалган ат” деген сөздөрдү эми үйрөнгөнүн билдирди

Бөлүшүү:

Кечээ, 4-январда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет кыргыздын классик жазуучусу Чынгыз Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” китебинин орусчасын окуй баштаганын, ал китепти ага орус тилин үйрөтүп жаткан окутуучусу жаңы жылдык белек катары тартуулаганын билдирип, өзүнүн twitter баракчасына жазды.

“Китеп Таластагы айылдык турмуш, ата менен баланын мамилеси тууралу өтө таасирдүү китеп экен. Анын үстүнө мен бул китептен “тизгин”, “чабдар ат”, “тушалган ат” деген сөздөрдүн маанисин үйрөндүм”, – деп кошумчалады элчи Чарльз Гаррет.

Ушул элчи мырзанын Кыргызстанга элчи болуп келгенине жарым эле жыл болду, бирок аймактарды аралап, тоолорго чыгып, кырнетте социалдык тармактарда активдүү болуп, элге аралашып, троллейбуска түшүп, Аламүдүн базарынан эт тандап, мал базарын кыдырып, лыжа тээп, жаңы жылда кыргыз элин кыргызча куттуктап эле элдин жүрөгүнөн түнөк алып келатат.

Биздин стратегиялык өнөктөшүбүз деп аталган Россиянын элчилери да керсейишпей, ушинтип жөнөкөй эле болушса. Карапайым элди кыдырып, карапайым элдин тилинен эки ооз сөз үйрөнүп, майрамдарда кыргызча куттуктап коюшса бир жери кемип калар беле дейбиз да…

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: