Казакстан мамлекетиндеги Затобольск айылы Тобыл шаары деп аталды. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, айылды шаар кылып атоо боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев токтом чыгарган. 2018-жылы аталган айылдын жашоочулары айылдын статусун жогорулатып, жаңы ат берүү боюнча маселе көтөрүшкөн. Ошол быйыл ишке ашкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ