Menu

Бишкекте уруксат кагазын $200 саткан милициянын кызматкери үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

Бишкекте уруксат кагазын $200 саткан милициянын кызматкери үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматтар боюнча, Биринчи май райондук соту мындай чечимди 3-апрелде кабыл алган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында У.К. атту милиция кызматкери 1-июнга чейин үй камагында болот.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкек шаарында коронавирустун чыгышына байланыштуу коменданттык саат киргизилип, жолдорго тосмо-бекеттер орнотулган. Жарандарга шаар ичинде жүрүү үчүн атайын уруксат кагаздары берилет. Ал уруксат кагаздары көк, кызыл жана сары түстө берилет. 1-апрелде ушундай уруксат кагазадарын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери $200 сатып жаткан жеринен кармалган.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: