Бүгүн, 17-март күнү Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Ишки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу жана “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму болду.
Анда Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу үй камагына чыгарылды.
“Мен Курсан Асановго козголгон кылмыш иш боюнча жети ай камакта отурдум. Бүгүн мени үй камагына чыгаруу боюнча чечим чыгарылды. Азыркы учурда Курсан Асановко коюлуп жаткан күнөөлөрдү мен четке кагам. Анын үстүнө ал кыргыз элине чын дили менен иштеп берди”,- деди Дамирбек Пайзылл уулу.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын 23-августтунда Пайзылла уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясында анын жашыруун документтерин алып чыккан Курсан Асановдун тапшырмасы менен башка атамбаевчилерге жеткирип берген, маанилүү далилдерди жоготкон деп айыпталып камакка алынган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ