Жыл жаңыраары менен, 1-январдан тартып Өзбекстан өлкөсүндө тойлорду өткөрүүгө жана адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатына мыйзам чегинде чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын ММКлары жазып чыкты.
Алардын айтымында, өткөн жылдын сентябрында тойлорду жана мааракелерди өткөрүү боюнча эрежелерди аныктаган токтом кабыл алынган. Ал токтом жыл жаңыраар менен күчүнө кирген. Анда тойго чектөөлөр кирген. Алсак, той бир гана күн, саат 06:00дөн баштап 23:00гө чейин өткөрүлүшү керек. Эки жашты той өтүп жаткан жерге алып келүүдө 3 машинадан ашык колдонууга болбойт. Мындан тышкары, акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы жана үлпөт тойдогу ашыкча ысырапкорчулукка жол берип, өткөрүүгө тыюу салынды. Тагырагы, адамдын саны чектелди. Куран окуткан жерге 200 адамга чейин (палоо берүүгө 150 адамга чейин), үлпөт тойго 250 адамга чейин (палоо берүүгө 300 адамга чейин) катышууга болот. Мындай талаптар текшерилет, ал талаптын аткарылышын депутаттар, ички иштер органдарынын инспекторлору жана жарандык жыйындардын өкүлдөрү көзөмөлдөйт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ