Menu

“Кыргыз почтасынын” 33 жаштагы төрагасы Марс Наспеков да коррупцияга шектелип, кызматынан кетип жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-январда белгилүү болгондой “Кыргыз почтасы” ААКнын 33 жаштагы төрагасы Марс Наспеков да коррупцияга шектелип, кызматынан кетип жатат. Бул тууралу биздин жеке булактар кабарлады.

“Кыргыз почтасы” ААК жалпы Кыргызстан боюнча 922 почта бөлүмдөрүнө, Бишкектеги Башкы почтамтка ээлик кылып, 4000 кызматкери бар ири ишкана. Андан башка да миллиондогон долларга бааланган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү бар.

Бүт дүйнөдө почта кызматы кирешелүү тармак болуп эсептелет. Ал эми “Кыргыз почтасынын” иши жакшы жүрө бербегенинен акыркы 7-8 жылда анын ишин оңдойт деген үмүт менен жетекчиликке жалаң жаштарды алып келишкен. Бир төрага жана 3 орун басарынын жаш курактары 25 -34 жаштан ашпай келди.

Индиянын Майсур университетинин бүтүрүүчүсү Марс Наспековду 2013-жылы 26 жашында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун орун басары кылып дайындашты. 2018-жылы февралда 31 жашында “Кыргыз почтасы” ААКнын төрагасы кылып шайлашты.

“Кыргыз почтасы” ААКнын жетекчилигине жалаң жаштар келгенине карабастан жалан коррупциялык ызы-чуудан баштары чыгып жатышты. Биринчи жаңжал Марс Наспековго африрленген жеке менчик «Гарант Торнтон» консалтинг компаниясына “бизге консалтинг кызматын көрсөттү” деген шылтоо менен мамлекеттик каржынын эсебинен $600.000. акча төлөп беришкенде чыкты. «Гарант Торнтон» консалтинг компаниясы өзүнүн очетунда 1-С бухгалтерия программасынын иштөө принциптерин гана көчүрүп жазып койгон. 1-С бухгалтерия программасын «Гарант Торнтон» консалтинг компаниясынын ортомчулугу жок эле “Кыргыз почтасы” өзү эле түз сатып алса болмок.

Андан кийин чет элдик «БАИП» компаниясы менен каржылык кызматтарды автоматташтырып берет деп $2 миллион 700 миң долларга келишим түзүп, ал компания өз милдетин биринчи этапта эле так аткарбаганына карабай экинчи этабына келишим түзүп дагы жанжал чыккан.

“Кыргыз почтасы” ААКнын Бишкектин Медеров жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде $1 миллионго бааланган жер тилкесин Марс Наспеков “Оргтехстрой” деген жеке менчик ишканасына өткөрүп берип жатканын билип калган эмгек жааматы ызы-чуу салып, жең ичинен жасалып жаткан иш токтоп калды.

Бүткүл дүйнөлүк почта биримдиги жардам иретинде “Кыргыз почтасы” ААКсына 18 жеңил почта машинасына акча бөлөт, аны сатып алууда Бишкектин “Азия Моторс” ишканасы Марс Наспековго $7000 көз акы акча бергени, ал ишкананын кассасына түшпөй калганы билинип, дагы ызы-чуу чыккан.

“Коопсуз шаар” долбоорунда штрафтарды жазып берүү ишине Марс Наспеков өзүнө караштуу жеке менчик ишкананы өткөрүп, бирок бул иш өкмөткө билинип калып, биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун кийлигишүүсү менен ал ишти аткаруу мамлекеттик мекемеге калтырылган.

Мына ушуга окшогон дагы бир нече коррупциялык ызы-чуулардан кийин өкмөт 33 жаштагы төрага Марс Наспековду жаңы жылдын алдында чакырып, 2020-жылдын 1-январынан баштап кызматтан кетүү боюнча арызын жаздырып алышыптыр.

Баса, Марс Наспеков Алмаз Атамбаевдин президент кезиндеги кеңешчиси, “Авангард стиль” курулуш компаниясынын ээси Калык Султановдун бир тууган кайниси.

Ал эми “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору кызматына Марс Наспековду Кыргызстандын эң жаш премьер-министри Сапар Исаков дайындаган эле.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: