Menu

Курманбек Бакиев: Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм – Кыргызстаным

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын экинчи президенти Курманбек Бакиев 7-апрель 2010-жылдагы мамлекеттик кандуу төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал азыркы күндө Белорус жергесинде үй-бүлөсү менен жашап келет. К.Бакиев 2015-жылы “Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм Кыргызстан” аттуу китебин (ООО “ВАЙЗ Медиа” Москва шаары, Верхняя көч, 34) жарыкка чыгарды. Мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин да өз чындыгы бар. Бакиевдин бул китеби да окурман журтун кайдыгер калтырбаса керек. Китептин урунттуу жерлерин окурмандардын сынына берүүнү туура көрдүк.

Менин командам дая ушул программанын устүндө иштешкен, ошондуктан улам мен президент кезимдеги эң эле маанилүү болгон долбоорлордун бири «Камбар-Ата-2» гидроэлектростанциясын куруу болуп калды. 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуудан улам, биз 120 мегаваттык жаңы энергетикалык кубаттуулукту пайдаланууга киргиздик. Ошол эле учурда, «Камбар-Ата-2» ГЭСинде иштелип чыккан бир эле киловатт/сааттын өзүнө турган наркы болжолдуу алганда 15 тыйынга барабар болду.

Азыркы өкмөт энергетика тармагындагы абдан чоң долбоорлор тууралуу дүңгүрөтө рапорт берип, биз Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын курабыз деп айтып жатышат. Беш жылдан бери ошол анча чоң эмес станциялар жөнүндө сөз болуп келе жатат, бирок, менин түшүнгөнүм боюнча, азыркы кезде ал тургай бул станцияларды куруу үчүн жер да бөлүнүп бериле элек,ал эми гидроэлекгростанцияларды долбоорлоо иши аягына чыга элек. Аэң башкысы-аталган ГЭСтерди каржылоого байланышкан бир дагы документке кол коюла элек. Андай болсо эмне тууралуу сөз болушу мүмкүн? Кандай курулуш жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Биздин ошол кездеги Россиянын президенти Д. Медведев менен «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча 1,7 миллиард АКШ долларына барабар болгон макулдашуубуз ошол бойдон бир сөөмгө да алдыга жыла элек бойдон турат. Эгерде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгон болсо, анда бул артка кетүү жагында гана болуп, ал макулдашуулардын саясий, экономикалык жана юридикалык тарабына олуттуу таасир этет.

Мен Россиянын президенти менен ар тараптан алып караганда тең укуктуу, стратегиялык жактан Кыргызстан үчүн маанилүү келишим түзгөнмүн. Ал келишимге ылайык, Кыргызстан менен Россия бул долбоорлордун теңата ээлик кылуучулары болуп калып, үлүштөрү-50 жана 50 пайыздан турган. Атамбаевдин өкмөтү кол койгон документтер боюнча, Кыргызстандын үлүшү 25 пайызга чейин кыскарган, ал эми Россиянын үлүшү, тескерисинче, 75 пайызга чейин көбөйтүлгөн ошол эле учурда, биздин республика 50 пайыздык үлүшкө гидроэлектростанция өзүнө коротулган чыгымдарды актагандан кийин гана ээ боло алат деп сөз жүзүндө жазылган. Ал эми жаңы макулдашуулар боюнча,«Камбар-Ата-1» ГЭсине кеткен чыгымдар менин бийлигим тушундагыдай 1.7 миллиард АКШ доллары эмес, 3.5 миллиардга чейин көбөйтүлгөнүн эске ала турган болсок, гидроэлектростанция өзүнө кеткен чыгымды болжолдуу болгон алыскы перспективада деле актай албайт, жана да Кыргызстан көрүнүп турган келечекте анын тең укуктуу ээлик кылуучусу боло албайт.

Ушул келтирилген маалыматтардан улам, мен бул келишимдердин айрым негизги детальдары аларга кыргыздар тараптан кол койгон адамдын такыр эле акыл-эси жайында эмес экендигин, же атайылап кылмыш жасоого барууга ниети бар болгондугун ачык далилдеп тургандыгын өзгөчө белгилеп койгум келет. Себеби, ал келишимдерде, жаңы Жогорку-Нарын гидроэлектростанцияларындагы электроэнергиянын өзүнөтурган наркы дегеле ал эгерде 729 миллион АКШ долларына курула турган болсо, болжолдуу алганда бир киловатт/сааты үчүн 5 сом турат деп жазылган. «Камбар-Ата-1» ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын наркы да болжолдуу алганда ушундай эле, же андан да жогору болот. Ушуга байланыштуу мыйзам ченемдүү суроолор жаралат: «Ким ошол электроэнергиянын бир киловатт-саатын 5 сомдон сатып ала алат? Эгерде алардын чыгарган продукциясы ушунчалык кымбатка турса, анда ал гидроэлектростанцияларды куруп эмне кереги бар? Же чын эле эптеп акчаны уурдап, ал эми дароо бир нече эсеге өсүп кеткен сырткы карызды Кыргызстандын элинин мойнуна илип коюу үчүнбү? Азыркы бийликтегилердин мындай иш-аракеттерин экономикалык кылмыш катары баалоого толук негиз бар деп эсептеймин.

Ал эми ата-мекендик энергетикадагы техникалык жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берген ийгиликтүү ишмердиктер жана жетишкендиктер жөнүндө, жаңы трансформаторлорду орнотуу, кышкы чубалгы түйүндөрүн алмаштыруу, “Токтогул ГЭСиндеги агрегаттарды реконструкциялоо, андан башка гидроэлектростанцияларды реконструкциялоо боюнча бардык пландар, ошондой эле «Датка», «Кемин» көмөкчү станцияларын куруу, «Датка-Кемин» жогорку вольттуу электр өткөргүч линиясын монтаждоо жөнүндө жеңиштүү маанайда берилип жаткан рапорттор жана отчеттор тууралуу айта турган болсок, – бул бардык макулдашууларга жана долбоорлорго менин учурумда эле кол коюлуп, бардык маселелер дыкаттык менен иликтөө аркылуу иштелип чыгып, эң соңку чечимди мен өзүм кабыл алганмын (башталышы 2010-жылдын январында, КЭРна жасаган иш сапар учурунда болгон).

Балким, менин белгилүү бир маанайдагы терс мамилем азыркы бийликтин ишиндеги жакшы бир нерсени көрүүгө тоскоолдук кылып жаткан чыгар, мүмкүн, бул китептин окурмандары аны эске салып коер?

ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ РЕФОРМАЛАР

Энергетика тармагындагы реформалар – энергетикалык компаниялар, бул тармакта иштешкен адистер үчүн, өкмөт үчүн, эң акыр аягында, анын эң башкы керектөөчүсү болгон жалпы эл үчүн өтө оор жүк болуп эсептелет. Бирок, бул реформаларды, аларды жасоо канчалык түйшүктүү жана оор болбосун, баары бир баштап, аягына чейин чыгаруу керек! Дал ошондуктан улам, мен өз учурунда эч кандай олку-солку болбой туруп, мындай кадамды жасаганмын. Электроэнергиянын өзүнө турган наркы, мага өкмөт билдиргендей, салыктык төлөмдөрдү эске албаганда, 1 киловатт/ саатына 1 сом 24 тыйын турчу. Ошол эле учурда, өлкөдө аны менен бир эле убакта баарын тең салык төлөөгө милдеттендирүү багытында, бирдиктүү калыпка келтирилип, салык системасы дагы реформаланып жаткан. Салыктардагы айрымачылыктардан улам, бир системадан экинчи системага акча которуу мүмкүнчүлүгүнө такыр тыюу салынды. Берилип жаткан электроэнергияга 1 киловатт-саатына 1.5 сомго барабар болгон нарк коюлган. Ошол эле учурда, калктын аз камсыз болгон жана социалдык жактан колдоого муктаж болгон катмарларына бул системада артыкчылыктар каралып, пенсионерлерге ай сайын атайын кошумча төлөмдөр орточо эсеп менен 200 сом өлчөмүндө төлөнүп турду. Айлыктары 5 миң сомдон аз болгон бюджет тармагынын кызматкерлери да ошол сыяктуу эле компенсация алып турушкан. Бюджеттен бөлүнгөн компенсациялардын жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык деңгээлге жеткен. Ошонун натыйжасында, өлкөнүн энергетикасы иштеп чыгарылган электр энергиясынын өзүнө турган наркын гана жаап тим болбостон, бул баага кошумча дагы 10-15% дык энергетика тармагынын кирешеси киргизиле баштап.ал каражаттарды бул системаны өнүктүрүүгө шарт түзүлдү, инфраструктураны техникалык жактан реконструкциялоого кошумча каражаттарды тартууга, мурда пландашылган жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга жана баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Оппозиция техникалык жактан мунун ийне-жибине чейин түшүнбөй туруп, тарифтердин жогорулашын өзү үчүн оң-тойлууучур катары өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, чуу көтөрүп чыгып, Токтогул суу сактагычынан суу уурдалып, сатылып жаткандыгы тууралуу ондогон уламыштарды ойлоп чыгарып жиберди. Айрыкча, иштелип чыгып жаткан электр энергиясынын өзүнө турган наркы киловатт-саатына 8 гана тыйын турат экен деген мифтин таркатылышы биздин оппоненттерибизге оңтойлуу болду. Мындай фантастикалуу арзан наркка жер жүзүндөгү бир дагы өлкө алиге чейин жете элек. Арийне, бул цифра карапайым адамдарга магиялык сыйкырдуу таасир бергенсиди. Алар буга ишенгиси келип, ишене да башташты, эң эле жөнөкөй арифметикалык эсептерди да эстерине алышкан жок. Мунун баары эмнеге алып келгендиги белгилүү. Мамлекеттик төңкөрүштү жасап, аны уюштурууга, оппозиция лидерлеринин айтуусу боюнча, электр энергиясына коюлган баанын акыйкатсыздыгы негизги себеп болгон. Эң эле маанилүү айыптоо – Бакиев электр энергиясына болгон төлөмдү эки эсеге көбөйтүп жиберди, анан дагы калкка тезектерүүгө сунуш берди деп айтылды. Мен бүгүн деле ошол сөздөрүмдөн баш тарта албаймын. Чарбакер айылдык кожоюн отун, көмүрдү камдоо менен бирге, тезекти да топтошу керек, бул дайыма эле болуп келген, анын ичинде советтик доор учурунда деле. Анан дагы, албетте, энергиянын башка булактары булактары жана аны үнөмдөө жөнүндө, жана да өз турак-жайын жылуу кармоо үчүн аларды кантип аралаштырып пайдалануу жөнүндө дагы ойлонушу керек. Бул Бакиевдин кесирленүүсү эмес, дүйнөлүк финансылык кризис доорунда абдан кымбаттап бара жаткан реалдуу жашоонун талабы, бардык өлкөлөрдүн калкынан жылуулукка, сууга жана элңктроэнергияга кетүүчү чыгымдарды азайтуу катуу талап кылынып жатат. Чыныгы реалдуулук улам өсүп бара жаткан муктаждыктар үчүн энергиянын ар түрдүү булактарын, анын ичинде шамал аркылуу иштетиле турган электр кыймылдаткычтарын жана Күндүн нурунан кубат алуучу батареяларды пайдалануунуталап кылууда. Бардык өлкөлөр, анын ичинде өтө өнүккөндөрү да, дал ушул жол менен кетип бара жатышат. Биздин жарандардын аң-сезими, айрыкча улуу муундагылардыкы, мурдагы эле баарын даярдап, белен кылып бергенге көнүп калган да, бийликтен советтик тажрыйбага окшогон нерселердин улантышын күтө берет.

Жалпысынан алганда, ошол кездеги оппозиционерлердин, – азыркы бийликте тургандардын,- Кыргызстандыктарды алдоо жолу менен, бирөөнүн моюнуна минип алып, бейишке кирип алышканын калктүшүнүп калды. Эч кандай сыйкырдуу күч жардам бере алган жок, энергосистемада аудит жасашкан Дүйнөлүк банк жана башка финансылык институттар Бакиев жаңылышкан: электроэнергиянын өзүнө турган наркы 1 сом 24 тыйын эмес, 1 сом 36 тыйын болушу керек деген жыйынтык чыгарышкан. Эгерде азыр электр энергиясына болгон тарифти көтөрбөсө, анда тобокелчилик бир нече эсеге өсүп, энергетика системасын биротоло жоготуп алуу коркунучу жаралат же ал тек гана кыйрап түшөт. Жаңы кубаттуулуктар киргизилбей жатат, ал эми трансформаторлор, генераторлор, жогорку вольттогу жана төмөнкү вольттогутүйүндөр эбак эле эскирип бүтүшкөн жана жаңылоого муктаж. Чубалгылардын, зымкарагайлардын, өчүргүчтөрдүн, бөлүштүргүчтөрдүн бүт запасы пайдаланылып бүтүп, толукталбай калган.

Уландысы бар

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: