Орусия президенти Владимир Путин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун айрым түрлөрүн Кылмыш кодексинен чыгарып, аларды административдик мыйзам бузуу катары эсептөө тууралуу мыйзамга кол койду.
Мыйзам ата-энелер менен балдардын жана жубайлардын бири-бирине карата мамилесине багытталган. Эгерде үй-бүлөлүк келишпестикте ден соолукка зыян келтирилсе же окуя кайра кайталанса, анда тартип бузган адам кылмыш жообуна тартылат.
Жаңы мыйзамда ден соолукка зыян келтирбеген биринчи жолку уруп-согуу үчүн 30 миң өлчөмүндө айыппул төлөтүү, же 15 күнгө камакка алуу, же 120 саат коомдук ишке тартуу жазасы каралган. Мыйзамдын тарапкерлери ал мамлекеттин үй-бүлө иштерине негизсиз аралашуусуна тоскоол жасай турганын билдирип келишет.
Документ каралып жаткан маалда эле аны аялдар менен балдардын укуктарын коргоо уюмдары сынга алып башташкан. Орусия парламентинин Жогорку палатасы мыйзам долбоорун 1-февралда кабыл алган. Андан бир канча күн мурда аны Мамлекеттик Дума жактырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ