Адам баласынын ишмердүүлүгүнүн айынан 1970-жылдан 2014-жылга чейинки убакыт аралыгында Жер жүзүндөгү бардык жаныбарларынын 60% жок кылынган. Бул тууралуу Дүйнөлүк Жапайы Жаратылыш Фонду менен Лондон Зоологикалык Коому жасаган докладда айтылды.
Адам баласынын цивилизациясы башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча жаныбарладын жана өсүмдүктөрдүн 83% жок болгон.
Жок болуп бараткандын башкы себептери катары окумуштуулар төмөнкулөрдү атады:
- Адамдын айыл-чарба иштери (ал жер кургагынын 4/3 бөлүгүнө таасирин тийгизди)
- Аңчылык. Анын айынан дүйнөдө жаныбарлардын 300 түрү жоголгон.
3.Океандын химиялык кирденүүсү. (Анын кесепетинен дүйнодөгү касаткалардын популяциясынын жарымы өлүмгө учураган).
Өтө оор жагдай Борбордук жана Түштүк Америкада. Ал жердеги токойлордун кыйылуусунан улам омурткалуу жаныбарлардын саны 89%га азайган. Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча 2 ай сайын Лондон менен тең тропикалык саванналардын аянты азаюууда. ДЖЖФнын аткаруучу жетекчиси Майк Барреттин айтымында, эгерде адамдардын популяциясы 60%га кыскарса, анда Түштүк Америка, Африка, Европа, Кытай жана Океания аймактары ээн калмак. “Биз жаратылышка кылган зыяныбыздын масштабы ушунчалык”-деп белгилеген Баррет. Эгерде жаныбарларды жок кылууну бүгүн токтотсок, жаратылышка өзүн калыбына келтирүүгө 5-7 миллион жыл керектелет, деп жазылган докладда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ