Menu

Лейлекте чек ара заставасынын башчысы пара менен кармалды

Бөлүшүү:

Лейлек районунун чек ара заставасынын башчысы пара менен кармалды. Бул тууралу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, УКМКнын коррупция каршы күрөшүү кызматынын кызматкери капитандын чек арадагы мыйзамбузууларын аныктаган. Өз кезегинде капитан ал мыйзам бузууларга көз жумуп коюусу үчүн УКМКнын кызматкерине 40 миң сом берүүгө аракет кылган. Келечекте да анын жасаган иштерин белгилүү бир сумма үчүн жаап жашырууну сунуштаган.

Факт катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Тергөө иштерин Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат.

Белгилүү болгондой, чек арачы убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес, ал бөлүктүн командачылыгынын көзөмөлүнө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: