Бүгүн, 3-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда «Наристе-2020» аталыштагы футзал боюнча эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, аталган турнирде 52 команда күч сынашат, 4 топтом медаль ойнотулат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ