Menu

Казак ырчысы Димаш Кудайберген Джеки Чандын жаңы тасмасынын саундтрегин аткарды

Бөлүшүү:

Казак ырчысы Димаш Кудайберген Джеки Чандын жаңы тасмасынын саундтрегин аткарды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы билдирет.

Ал эми өзү Димаш Instagram баракчасына 30-сентябрда Джеки Чандын “Авангард” тасмасы чыгат деп жазган. Анда казак ырчысы башкы ырды аткарган. Чыгарманын премьерасы Сингапурда болот. Башкы ролдорду Джеки Чандын өзү, ошондой эле Ян Ян, Ай Лунь, Мия Муци, Чжу Чжэнтин сыяктуу актерлор ойношкон. Фильмдин режиссеру Стэнли Тун болгон.

Сүрөттүн сюжети боюнча, “Арктика Карышкырлары” эл аралык жалданма синдикат Улуу Британияда кытайлык ишкерди жана анын кызын уурдап кетет. Барымтадагыларды куткаруунун бирден-бир үмүтү – бул Авангард эл аралык коопсуздук кызматы. Ал бардык акыркы илим жана техника менен куралданган. Чечкиндүү команда башкалар аткара албаган тапшырмаларды аткарат.

https://www.instagram.com/p/CFiuGQpAdJg/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: